Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 24.10.2017 21:40

«Жеңеке»: 19 жашында келин болгон Миңайым алгачкы күнү эч ким жей албаган туздуу тамак жасаган

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектени каарманы – Миңайым Өсөр кызы. Ал 19 жашында 2012-жылы Кара-Суунун Тээке айылына келин болуп барган.

Учурда 23 жашка толгон каарманыбыз Кара-Суу районунун Пасылка айылында төрөлүп, чоңойгон. М.Өсөр кызы ачык мүнөзү, сүйкүмдүүлүгү, сулуулугу менен болочоктогу жолдошунун тилин таап,ага турмушка чыккан.

«Жолдошум экөөбүздү курбум тааныштырган. Биз 9-майда жолугушуп, жолдошум мага кош майрамың менен деп чоң жумшак оюнчук, жана роза гүл белекке берген болчу. Ошол учурда толкундоолор көп болгондуктан анын атын сураганды унутуп калыптырмын», - деди жеңебиз.

Жаңы келин болуп барганда кайын журттун сөздөрүнө түшүнбөй, оңтойсуз абалда калган учурларын көп эстейт.

«Мен турмушка чыккан айылдын салттары башкача болгондуктан көп сөздөрүнө түшүнө албай уят болчумун. Биринчи жолу кайын энем "каймакты күйгүзө сал" деди. Анын кантип жасала турганын сурабастан эле ишке кириштим. Бир аз убакыттан соң күйгүзүп бүттүм деп жанына бардым. Аны көрүп, "кызым бул эмне?" деп суроолуу карады. Өзү айтканын аткарып, отко күйгүзгөнүмдү айттым. Көрсө аны май кылып ээритип, чөбөгөсүн бөлөк алуу керек экен. Ал каймактан сары майды сызгырып ал дегенин айтып көңүлү чөккөн.

Бир күнү оюмда даамду тамак жасадым деп ойлоп, кайын журтума тамакты тарта баштадым. Алар ооз тийип эле токтоп калышты. Эмне болгонун дароо сезип, уялганымдан сыртка чыгып кеттим. Ошол күнү тамагымдын тузу көп болуп калган экен», - дейт каарманыбыз.

Учурда жолдошу Уларбек менен 1 уул, 1 кызды тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×