Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 18.10.2017 22:58 На русском

Бала тили — бал: Чоңойгондо Москвага барып, орус болом, - Мигранттын 6 жаштагы кызы Аяна

Turmush -  Жашообуздагы алтын курак болгон балалык ар кимибиздин эсибизде ар кандай сакталып калган. Ал элестер кандай болсо да эң таттуу, дүйнөнү башкача ойлоп, кайгы-капаны билбеген балалык — таза дүйнө.

Жаш балдардын аруу, күлкүгө бай жана кызыктуу күндөрүн чагылдырууну каалаган «Бала тили — бал» рубрикасынын кезектеги каарманы — Кара-Суу районунун Тээке айылында жашаган 6 жаштагы Аяна Боронбай кызы. Анын атасы Россияга барып эмгектенип турат.

- Атың ким?

- Аяна.

- Канча жашка чыктың?

- Алтыга.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Чоң кыз болгондо Москвага барып, ал жактан орус болом.

- Сен кайдан жаралгансың?

- Атам менен апам асмандан алып келишкен.

- Сенин жигитиң барбы?

- Ооба.

- Ал сулуубу?

- Ооба (уялып).

- Акча кайдан келет деп ойлойсуң?

- Картошка, курут сатканда келет.

- Сен кимди жакшы көрөсүң?

- Айтурган эжеми.

- Атаңды жакшы көрөсүңбү?

- Ооба, атам арак ичип келгенде мага көп пул (акча) берет.

- Жакшы кыздар кандай болушу керек?

- Мага окшош (жерди карап).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×