Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

«Жеңеке»: 21 жаштагы Турсунай 4 жолку ала качууга карабай кыялындагы шаардык жигитке турмушка чыкты (фото)

Turmush -  «Жеңеке» долбоорунун кезектеги каарманы – Турсунай Манас кызы. Ал 21 жашында Кара-Суу районунун Учкун айылына келин болуп барган. Учурда Бишкек шаарында жашашат.

Тээке айылында төрөлүп, ошол айылда өскөн каарманыбыздын ак көңүл, боорукер мүнөзү жолдошуна жаккан. Жеңебиз турмушка чыкканга чейин айылдаш балдар төрт ирет ала качканын да эскерди. Учурдагы жолдошу Жыргалга ата-энесинин макулдугу менен заманбап үлпөт той аркылуу турмушка чыккан.

«Курбу кызым турмушка чыкканда жакын досу болуп коштоп жүрдүм. Мени ошол жерден жолдошум көрүп, жактырып калыптыр. Ал тууралуу мага курбу кызым тойдон кийин айтып, үйүмө жуучулар бара тургандыгын кабарлады. Аз убакыттын ичинде үйгө анын ата-энелери барышкан, бирок мен дароо макулдугумду берген жокмун. Тааныбаган адамга турмушка чыгуу туура эмес. Ата-энем дагы жаштар өздөрү чечсин дешти.

Жолдошум алгачкы жолугушууга барганда эле сөйкө-шакектерди белек кылып көтөрүп алыптыр. Жаңыдан таанышкан баладан кымбат баалуу белегин алуу ыңгайсыз болду. Белегинен баш тартып кетсем, жанымдагы жеңем акылдуулук кылып алып койгон экен», - деди ал.

Турсунай бала кезинен тарта шаарга турмушка чыгууну кыялданып келген. Өзүнүн бул кыялы орундалганын кошумчалады.

«Бойдок кезимде көп уктагандыктан турмушка чыкканда да ал адатым дароо калган жок. Бир күнү эрте ойгондум деп саатты карасам 07:00 болуптур. Биздин айылда элдердин басымдуу бөлүгү эрте ойгонуп, ал учурда жумуштарын бүтүрүп коюшат. Буга уялып сыртка чыкпай отура бердим. Бир убакта саатты карасам 09:00 болуп калыптыр. Араң бөлмөмдөн чыксам "эми ойгондуңбу?" деп суроолуу карашты. Аларга 2 саат сыртка чыга албай отурганымды айта албай тим болдум.

Бир жумадан кийин жолдошум экөөбүз Бишкекке жолго чыктык. Борбордо анын жеке маркети бар. Ал жакта иштеген туугандарыбыз түшкү тамакты үйгө келип ичип кетишчү. Бир күнү жумуштары көп экенин айтып, тамакты жеткирип берүүнү суранышты. Алар телефон аркылуу айткан дарекке барып, ал жакта иштеп жаткандарга тамакты узата баштадым. Алар таңыркап, "буйрутма берген жокпуз" дешти. Ошондон кийин адашып барып, тааныбаган адамдарга түшкү тамак бергенимди түшүндүм», - деди Т.Манас кызы.

Учурда жаш жубайлар алгачкы наристесин күтүп жатышат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 17363
Көп окулду
×