Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ош

Ак алтын түшүмү: Дыйкандар пахта өстүрүүнүн жаңы технологияларын өздөштүрүү менен алек (фоторепортаж)

Turmush -  Талаа күнү бүгүн, 20-октябрда Кара-Суу районунда улантылды. Бул иш-чара пахта өстүрүүнүн жаңы технологияларын өздөштүрүү жана пахтаны айыл чарба унаасы менен жыйноону иш жүзүндө көрсөтүү максатында уюштурулган. Ага айыл чарба министринин орун басары Э.Чодуев, министрликтин тиешелүү адистери жана Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйкандары күбө болууда.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө түштүк регион үчүн өтө рентабелдүү болгон пахтаны эгүү, өстүрүү жана жыйноонун жаңы агротехникалык эрежелери жөнүндө сөз болуп, жаңы үлгүдөгү айыл чарба техникалары көрсөтүлдү. Пахтанын түшүмүн жыйноодо кол күчүн азайтуу жана кыска мөөнөттө жыйнап алуу үчүн дыйкандар Өзбекстан Республикасында чыгарылган ТТ-Z-100HC трактору жана МХ-2.4 үлгүсүндөгү пахта жыйноочу унаанын иштешин иш жүзүндө көрүштү. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1106
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
12:25,   17.01.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×