Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Кара-Сууда 39 жаштагы эркек кишини сүзүп өлтүргөн айдоочу изделип жатат

Turmush -  Ош—Эркеч-Там унаа жолунун 17-чакырымындагы Кайнар май куюучу бекетинин жанынан 39 жаштагы эркек кишини өлтүрө сүзүп, андан соң качып кеткен айдоочу изделүүдө.

Милициянын маалыматына караганда, окуя болгон жерде 30 жаштагы кишини сүзгөн «ВАЗ-2107» үлгүсүндөгү унаанын арткы тарапты көрүүчү күзгүсү түшүп калган.

Аталган жол кырсыгына күбө болгондор же айдоочу тууралуу маалымат билгендер (03222) 2 30 68, 5 66 40 же 102 кызматына кабарлай алышат.

Буга чейин Turmush басылмасына Ош—Эркеч-Там унаа жолунун 17-чакырымындагы Кайнар май куюучу бекетинин жанынан унаа сүзүп кеткен 39 жаштагы эркек киши көз жумгандыгы маалымдалган. Кара-Суу районунун Баш-Булак айылындагы окуядан кийин айдоочу качып кечип, учурда изделип жатат.

Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматынын кызматкери Айбек Бечеловдун айтымында, жол кырсык бүгүн, 15-октябрда саат 8:00 чамасында болгон.

Жабырлануучунун өздүгү такталды.

«Белгисиз унаанын айдоочусу Баш-Булак айылынын жашоочусун сүзүп, жабырлануучуга жардам бербестен качып кеткен. Окуя болгон жерге унаанын арткы тарапты көрүүчү күзгүсү түшүп калган. Учурда айдоочуну аныктоо боюнча издөө жарыяланды. Эгерде окуяга күбө болгондор же айдоочу тууралуу маалымат билген жарандар болсо милицияга кабарлап коюуну өтүнөбүз», - деди Айбек Бечелов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2003
Көп окулду
×