Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ош

Бала тили — бал: Акча заводдон, жакшы кыздар Оштон келет, - 5 жаштагы Актилек

Turmush -  Жашообуздагы алтын курак болгон балалык ар кимибиздин эсибизде ар кандай сакталып калган. Ал элестер кандай болсо да эң таттуу, дүйнөнү башкача ойлоп, кайгы-капаны билбеген балалык — таза дүйнө.

Жаш балдардын күлкүгө бай жана кызыктуу күндөрүн чагылдырууну каалаган «Бала тили — бал» рубрикасынын кезектеги каарманы — Кара-Суу районунун Тээке айылында жашаган 5 жаштагы Актилек Төлөгөнов.

1

- Атың ким?

- Актилек.

- Канча жашка чыктың?

- Бешке.

- Атаңды жакшы көрөсүңбү же апаңдыбы?

- Экөөнү тең жакшы көрөм.

- Сүйгөн кызың барбы?

- Бааай.

- Аты ким?

- Ыйна (Раяна).

- Ал кайсы жерде жашайт?

- Өйдө жакта (колу менен чыгыш жакты көрсөтүп).

- Сен Раянага эмне бересиң?

- Апам жокто үйдөн алып чыгып кант бейем.

- Сен кайдан жаралгансың?

- Алла Таала жараткан.

- Акча кайдан келет?

- Заводдон келет.

- Акча завод барбы?

- Атамын экитта завоту бай (2 заводу бар).

2

- Cен чоңойгондо ким болосуң?

- Молдо болом.

- Молдо болуу үчүн эмне кылуу керек?

- Топу кийиш керек.

- Жакшы кыздар кайдан келет?

- Оштон.

- Жаман кыздар кандай болот?

- Киий (кир) кийим кийинет.

- Сулуу кыздар кайдан келет?

- Тээйкден (колу менен көрсөтүп).

- Ырдаганды билесиңби?

- Билем.

- Жакшы көргөн ырыңды ырдап бересиңби?

- Жамгый токтоп жаз келди, жалбырактын бетине... эмне эле?...унутуп калдым (уялып).

3

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1140
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×