Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ош

Ош—Бишкек жолунда унаа сүзүп каза болгон жигиттин өздүгү аныкталбай жатат

Turmush -  Ош — Бишкек унаа жолунун 639-чакырымында жол кырсыктан каза болгон 20-25 жаштагы жигиттин өздүгү аныкталбай жатат.

Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн маалыматына караганда, 2-октябрь күнү саат 03:00 чамасында Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл аймагынын Жаңы-Турмуш жолунда 20-25 жаштагы жигитти унаа сүзүп каза болгон. Учурда айдоочу кармалып, териштирүү иштери жүрүп жатат. Бирок каза болгон жарандын өздүгү бүгүнкү күнгө чейин тактала элек.

a71195bac648c623b002829503280fcb_500_0_0

Өзгөчө белгилери: бою болжол менен 160-165 см, чачы, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө, сол жаагынын үстүндөгү 4-5 тиши сынган.

Кийген кийимдери: «Reebok» деген жазуусу бар көк түстөгү сырткы кийим, ак түстөгү футболка, кара түстөгү спорттук шым, «Nike» деген жазуусу бар боз түстөгү байпак. Ошондой эле, жанында «Vans» жазуусу бар сумка болгон.

Бул адамды тааныгандар же маалыматы барлар 03232 5-31-81, факс: 03222 5-81-28, 0709-92-60-60, 0550-33-43-23, 0770-20-20-00 телефон номурларына кабарласа болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1853
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:34,   17.01.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×