Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ош

Гайрат айылындагы окуучулар 24 жылдан бери бала бакчада окушат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Жоош айыл өкмөтүндөгү Гайрат орто мектебинин көп улуттуу окуучулары 1993-жылдан бери бала бакчанын имаратында билим алышат. Бул тууралуу аталган мектептин директору Халида Валиева аймактык кабарчыга маалымдады.

Аталган айылда 2015-жылы републикалык бюджеттен сметалык баасы 57 млн сомго бааланган 275 орундуу мектептин имараты курулуп баштаган. Курулуш иштери аяктаганы менен азырынча пайдаланууга бериле элек.

«1993-жылга чейин окуучулар коңшу айылдарга каттап билим алышты. Мындан 24 жыл мурун эски бала бакчаны оңдоп, ага кошумча 5 бөлмө куруп, мектеп катары ачканбыз. Ал имаратта 450дөн ашуун окуучу кыргыз жана өзбек тилдеринде билим алып келсе, акыркы жылдары өзбек тилдүү класстарга балдарын бергендер кескин азайды. Учурда билим берүү кыргыз-орус тилдеринде жүрүп жатат», - деди мектептин мүдүрү.

Ал эми, мектептин жаңы курулган спорт залы азырынча толук бүтө элек. Класстык бөлмөлөр пайдаланууга даяр болгону менен ачылыш азем өтө турган күн азырынча белгисиз.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1229
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×