Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ош

Кара-Сууда Баткен окуясынын ардагерлери сыйланды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 25-октябрда Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында жайгашкан 92840-аскер бөлүк менен айыл өкмөт биргелешип Баткен согушунун ардагерлерин сыйлашты. Анын алкагында Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Жамшит Матанбаев жана полковник Канбек уулу Азамат ардагерлерге акчалай сыйлык, мактоо баракчаларды тапшырды.

Баткен окуясындагы жеңиштин 18 жылдык мааракесине карата куттуктоолор айтылып, ардагерлердин атынан Топчубай Бөдөнбаев терең ыраазычылык билдирди. Иш-чара атайын даярдалган концерттик программа менен улантылып, аягында салтка айланган ботко берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1023
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:34,   17.01.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×