Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ош

Кара-Сууда өзбекстандык эже-сиңдини унаа сүзүп, бири көз жумду. Айдоочу качып кеткен

Turmush -  Кечээ, 25-октябрда Ош — Бишкек жолунун 638-чакырымындагы жол кырсыктан Өзбекстандын жараны (аял киши) каза болду. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 19:00 чамасында Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айыл аймагында белгисиз унаа бир тууган эже-сиңдилерди — Өзбекстандын Андижан облусундагы Коргон-Төбө районунун 1973-жылы туулган тургуну Д.М. жана 1960-жылы туулган Д.М.ны сүзүп, айдоочу качып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1973-туулган Д.Мутабар окуя болгон жерден көз жумуп, эжеси Д.М. райондук ооруканага жеткирилди. Алдын ала маалыматтарга караганда, анын буту сынган.  

Учурда ыкчам-издөө иштери жүрүп жатат. Кырсык болгон жерден алыс жакта жайгашкан видеокамерага Россиянын номуру тагылган ак түстөгү унаа түшүп калган.

Милиция кызматкерлери кырсыкка күбө болгон адамдардан кепилдик берүү менен жардам сурайт. Бул окуяга байланыштуу маалыматы барлар 102 кызматына жана (032-22) 2-30-87, (0551) 80-80-88 номурлары аркылуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери менен байланышса болот.

Окуя болгон жер:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 759
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×