Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 29.10.2017 11:44

«Жеңеке»: Шаарда өскөн Динара тандырга от жага албай ыйлаган (фото)

Turmush -  29 жаштагы Динара Бектемирова 2009-жылы Кара-Суу районунун Кыргыз-Чек айылына келин болуп келген. Анын айтымында, жолдошу Тыныбек Насаев менен эки ай сүйлөшүп жүрүп баш кошушкан. Аймактык кабарчы Динара жеңе менен таанышты.

«Бөлөм Кыргыз-Чекке турмушка чыккан. Мен бөлөмдүн артынан барганда жолдошум сыртымдан жактырып калган экен. Мен Ош шаарында чоңойгондуктан айылдагы жумуштарды жасоодо көп кыйналдым. Жада калса от жакканды да көргөн эмесмин.

Бир күнү кайын энем тандырга от жак деп тапшырды. Мен тандырдын асты жагына болушунча тезек толтуруп, күйгүзө баштадым. Бирок от күйбөй, акыры ыйлап отуруп калдым. Бир убакта жолдошум көрүп, ыйлап жатканымдын себебин билгенден кийин мени шылдыңдап, от жакканды үйрөттү», - деди каарманыбыз.

Динара жеңе жергиликтүү төрөт бөлүмүндө беш жылдан бери акушер болуп эмгектенет. Төрөт учурунда өзү кошо ыйлаган учурлар болгонун кошумчалады.

«Ошто кайын журтту тергегенге маани берилет. Бул жаатта мен көп ката кетирдим. Беш кайын сиңдим бар болчу. Кайын атам Айзирек деп кайын сиңдимди чакырып жатса, мен да анын атын айтып кайрылчумун. Бир ирет "Атам Айзирек деп чакырып жатат" деп айтсам, ал ачуусу менен жаман көрүп карап калды. Эмне үчүн ачууланат деп ойлоно берчүмүн, көрсө атын атап жүргөн экенмин», - деди Д.Бектемирова.

Учурда жубайлар 2 кыз, 1 уулду тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×