Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Айыл турмушу: Окуучу кезинде үйлөрдү кыдырып сүт саткан Талас 24 жашында заводдун жоопкерчилигин алды (фото)

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылынын 26 жаштагы тургуну Талас Тилен уулу учурда Ош шаарын сүт азыктары менен камсыздайт. Каарманыбыз айылдардан сүт топтоп келип, бир нече адамды жумуш менен камсыз кылууга жетишкен.

Алгач жумушту атасы 2003-жылы балмуздак жасоо менен баштаганын Turmush басылмасынын кабарчысына айтып берди. 

«Бул жумушту атам айылда биринчилерден болуп баштаганда мен 12 жашта элем. Ар бир иштин башталышында ар кандай кыйынчылыктар коштойт. Мен мектепте окуган бала болсом да атама жардам берчү элем. Кээде сабактан калган учурлар болду. Алгачкы жумушубуз балмуздак жасоо болуп, күнүнө 80-100 литр сүт сатып алчубуз. Кардар топтой албай, сүттөр сатылбай кыйналган күндөрүбүз эсимде. Айрым күндөрү сатып алган сүт ирип калчу. Кийинчерээк балмуздак менен кошо сүттү кыдырып сата баштадык. Акырындап айылдардан кардарларды таап, алардын саны арбып калганда сүттөн жасалуучу азыктарды көбөйтө баштадык», - деди жаш ишкер.

Таластын айтымында, алардын жумушу алдыга жүрүп баштаганда 2015-жылы атасы көз жумган. Мындай оор жоготуудан кийин бүт жумушту өз колуна алууга туура келген. Ата жолун жолдоп, иштеп жаткан мекеменин жумушун токтотпой улап кетүү оңойго турган жок.

«Баарын атам көзөмөлдөп, кыйынчылыктарды өзү чечип жүргөндүктөн жоопкерчиликти өз мойнума алуу кыйын болду. Көп жоготууга учурадык. Акырындап аларды өз калыбына келтирип, сыйлык алууга да жетиштик. Учурда долбоорлор менен иштешип жатам. Алгач жумушубузду күнүнө 80-100 литр сүт менен баштасак, азыр күн сайын иштетилген сүттүн көлөмү 800 литрден 1 тоннага чейин жетет. Сүттү Отуз-Адыр, Бекжар айылдарынан алып келип беришет.

Алдыга койгон максаттарым чоң жана аларды ишке ашырууга аракеттенип жатам», - деди Талас.

Учурда ишканада 10дон ашуун адам эмгектенип, айран, каймак, быштак жана майдын түрлөрү даярдалууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4271
Көп окулду
×