Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ош

Айыл макамын ала элек Торгой-Булактагы эл өз каражатына таза суу чыгарышты

Turmush -  Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Торгой-Булак айылынын тургундары өздөрү каражат чогултушуп, таза суу маселесин чечишти. Жаңыдан түптөлүп жаткан конуш айыл макамын ала элек болсо да эл өз көйгөйлөрүн жоюу үчүн 400 миң сомго жакын акча чогултушкан. Ага кошумча айыл өкмөттөн 160 миң сом бөлүндү.

Торгой-Булак Ачы айылынын курамына киргени менен аралык алыс. Жергиликтүүлөр буга чейин 1 чакырым алыстан суу ташып ичип келишкен. Топтолгон каражатка эски суу кампасы оңдолуп, резервуар ишке кирди. Суу кампанын көлөмү 60 тоннага жетет.

«Биздин конушту азырынча Ачы айылынын чоң көчөсү катары кабыл алышат. Бирок Торгой-Булак конушунда 390 үй куруу үчүн жер тилке бөлүнгөн. Алардын ичинен 200гө чукулу там куруп, учурда 150дөн ашуун кожолук жашап жатат. 10 жылдан бери үйлөр курулуп жатат, ал эми туруктуу жашап баштаганыбызга 4 жылдын жүзү болуп калды. Көпчүлүк үйлөрдүн ээлери суунун жоктугунан жашабай жатышкан. Бул меселени өзүм көтөрүп, ар бир кожолуктан 5 миң сомдон каражат топтоп, суу чыгарып алдык. Суу чыккандан кийин жашоочулардын саны дагы көбөйүп жатат.

Мындан бир жыл мурун жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө бизге айыл макамын берсин деген сураныч менен кат жолдогонбуз. Азырынча жооп ала элекпиз. Мындан сырткары, мектеп, жол, бала бакча, ФАП көйгөйлөрү бар. Жаздын күнү жолдор ылай болуп, көчөдө басууга мүмкүн болбой калат. Окуучулар 1,5 чакырым алыска жөө барып окушат», - деди аталган конуштун башчысы Жумабай Капаров.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, 3 чакырым жерге суу түтүктөрү тартылган. Эми түтүктөрдү ар бир көчөгө жеткирүү жумуштары калды.

«Торгой-Булакка айыл макамын берүү боюнча Катта-Талдык айыл өкмөтү Ош облустук администрациясына кат жолдогонбуз. Азырынча ал жактан жооп келе элек. Ал эми жолдорго шагыл төшөө иштери жазында жүргүзүлөт», - деди Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Казыбек Тажибаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 891
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×