Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ош

Эл ичи — өнөр кенчи: Касапчы, тракторчу кесиптерин алмаштырган Токтосун 7 тилдеги ырларды аккордеон менен ырдайт (видео)

Turmush -  Turmush басылмасы Кыргызстандын булуң-бурчундагы таланттарды жалпы журтка тааныштырууну улантат. «Эл ичи – өнөр кенчи» рубрикасынын бул жолку каарманы – касапчылыктан кийин колуна аккордеон алып, чет тилдеги ырларды сахнага ырдап чыккан Токтосун Бекмаматов.

Ал 1993-жылы Кара-Суу районуна караштуу Мады айылында төрөлгөн. Бала кезинен тарта касапчы болуп эмгектенсе, эс тарткандан тартып трактор айдаган. Айылдык тракторчу кантип өнөр адамына айланганын кабарчыга айтып берди.

«7 жыл касапчы болуп жүрдүм. Кийин айылда 4 жылдай трактор айдадым. Бул убакыттар аралыгында атамдын аккордеонун чертип, ар кандай обондорду өз алдымча таап алчумун. Атам өзү аккордеон черткени менен мага үйрөтчү эмес. Өзүм ары-бери тартып отуруп, кыргыз обондорунан сырткары чет өлкөлүк атактуу ырчылардын ырларын аккордеонго салдым. 2015-жылы куудул Рахман Разыковго жолугуп, ал менин чет тилдеги ырларды аккордеондо ырдаганымды жактырып, сахнага алып чыкты. Ал киши мага жардам берип, өзү менен кошо бир жыл гастролдо алып жүрдү», - деди ал.

Токтосун учурда тойлордо ырдайт. Келечекте күйөрман топтоп, өзүн чоң сахналардан көргүсү келет.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1181
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×