Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ош

Короодогу кой-козулар тирүүлөй өрттөнгөн: Акыркы суткада 28 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 28 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 33 өрт өчүрүү бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 31-октябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштогу Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагынын Мамажан айылында 150 чарчы метр жыгач устундуу шифер менен жабылган 2 кабаттуу бастырма толугу менен өрттөндү. Анын ичиндеги 700 боо жүгөрү бакалы, 300 түк чөп жана 1 кой, 1 козу тирүүлөй күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле, Ысык-Көлдөгү Ак-Суу районунун Ак-Суу айылында 49 чарчы метр жыгач сарай толугу менен өрттөнүп, анын кесепетинен 6 кой тирүүлөй күйүп кетти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 623
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×