Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 02.11.2017 11:43

Жеңеке: Кара-суулук Уулкан жеңе маанайын түшүргөн жигитке турмушка чыгып, азыр күндө эшик шыпыруудан тажабайт (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Жаңы-Маданият айылына келин болгон 24 жаштагы Уулкан Зунду кызы эшиктин алдына бир жалбырак түшсө да шыпырып, тазалап турат. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Өзүнүн айтымында, Кара-Суу районунун Миялы айылында чоңойгон. Кайын журтунун көбү тарыхчылар.

«Кесибим боюнча тарыхчымын. Тарыхчылардын үй-бүлөсүнө келин болуп бардым. Жолдошум, кайын агам, кайын эжем бардыгы тарых факультетинин бүтүрүүчүлөрү. Кайын энем да мектепте 35 жылдан ашуун убакыттан бери мугалим болуп иштеп келе жаткан адам», - деди ал.

Уулкан жеңенин жолдошу Аскат Сатылганов биринчи жолугушууда эле ага үйлөнө турганын айткан.

«Жолдошум экөөбүздүн таанышып калуубузга менин тайпалашым себепкер болгон. Тайпалаш балам Аскат менен ага-ини болуп катташып жүргөн экен. Башында телефон чалып, «таанышалы» дегенде көнгөн эмесмин. 2 ай телефон чалып жүргөн. Бош отурганымда телефон чалса деле дайыма «бош эмесмин» деп жооп берчүмүн. Үчүнчү айда намысыма тийчү сөздөрдү сүйлөгөндө гана таанышкам. Алгачкы жолугушуубузду белгилеп, белгиленген убакыттан 3 саат кечигип баргам. Жолугушууда оң колу гипстелген, арык баланы көрдүм. Ошондогу маанайымдын түшкөнүн айтпа (күлүп). Экөөбүз жолуккан күнү дароо эле «үйлөнө турган кызды таптым, сага үйлөнөм» деген. 6 айдан кийин сөйкө салып, 1 жылдан кийин — 2016-жылдын 25-декабрында баш коштук.

Баш-аягы 1,5 жыл сүйлөшүп жүргөндүктөн анын туугандарынын көбүн таанып калгам. Жаңы келин болуп барганда үй-бүлөсүнүн мага жасаган камкор мамилеси бат аралашып кетүүмө себеп болду. Албетте алгач башка үй-бүлөгө барганда стресс да болдум. Кайын эжем көп жардам берип, мени менен жакшы сырдаш болуп, үй оокаттарында жардамын аябай, ал абалдан сууруп чыкты. Мен баргандан тартып толук 1 ай үйдөн конок үзүлгөн жок. Аларга күндө Өзгөн күрүчүнөн аш же шорпо жасайбыз. Ал тамактарды күндө жей берип, көңүлүмө тийген. Азыр такыр Өзгөн күрүчүнөн аш жебейм. Келин болгондон кийин 1 жумада эле кайра жумушума чыккам», - деди ал.

Жаш жеңе үчүн кайын журтундагы күн сайын эртең менен короонун алдын шыпыруу адаты жат көрүнүш болуп, араң үйрөнгөн.

«Оштуктарда жаңы келин болуп барганда 3 күн сыртка чыкпайт. Үчүнчү күнү сыртка чыксам кошуна жашаган кишилер кой союп жүрүптүр. Үйгө кирип бара жатканымда бирөөсү «Аскат бычак өтпөй жатат» деди. Аны угуп калып дароо чоң бычакты алып бере койдум. Ал мени таңыркап карап кеткен. Кайра келип, жолдошумдун өзүн чакырып, дагы бычагы өтпөй жатканын айтса, ал спирттик ичимдик издеп калды. Көрсө бычак сураганы арак же коньякты кагазга ороп сүйлөгөнү экен.

Келин болуп баргандан кийин төркүнүмө төртүнчү ай дегенде бардык. Ага чейин апам телефон чалса эле сагынгандыктан сүйлөшө албай ыйлай берчүмүн. Жолдошум да «Апасын сагынган келиндин арманы» деген ыр чыгарып алган. Апамды сагынып ыйлап баштаганымда ал ошол ырын ырдап кирсе ыйлаганча күлчүмүн.

Күндө эртең менен эрте туруп, эшигинин алды таза болсо деле суу сээп, шыпыра беришет экен. Эшигинин алдын эле шыпырып калбастан көчөлөргө суу себишет. Бул мага жат көрүнүш эле. Алгач көңүлүм келсе шыпырып, маанайым жок болсо шыпырбай койчумун. Азыр бир жалбырак түшүп калса да эшиктин алдын шыпырып турам», - деди ал.

Уулкан жеңе кесиби боюнча тарыхчы болгону менен учурда журналистика жаатында эмгектенет. Жолдошу жеке ишканада иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×