Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ош

Фото - Ош—Бишкек жолунда жүргүнчүлөр бар кичи автобус менен жеңил унаа кагышты (толукталды)

Turmush -  Бүгүн, 7-ноябрда саат 7:00 чамасында Ош—Бишкек жолунда жүргүнчүлөрдү ташыган кичи автобустун катышуусунда жол кырсык катталды. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, окуядан кийин 4 адам ооруканага жеткирилген.

Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл аймагында «Мерседес-Бенц Спринтер» кичи автобусу менен «Ниссан Альмера» автоунаасы кагышкан. Айрым маалыматтарга караганда, кичи автобуста тажикстандык 6 адам болгон. Алар Россиядан келе жаткан мигранттар болушу мүмкүн.

Учурда Ош ОИИБдин кызматкерлери кырсыктын себептерин тактап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10243
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×