Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Кара-Суудагы базарда ашкана өрттөндү

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 9 өрт кырсыктары катталды. Аларды өчүрүүгө 11 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 10-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы.

Оштун Кара-Суу шаарындагы «Абдалим» базарынын аймагында контейнерден курулган «Салиха» ашканасында өрт чыкты. Өрт учурунда 4 даана муздаткыч, 2 даана газплита жана башка эмеректер күйгөн. Адамдар жабыркаган жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Ошондой эле, белгисиз себеп менен Өзгөн районунун Кызыл-Туу айылында ачык аянтта 12 тонна эндей чөп өрттөндү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1096
Көп окулду
×