Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 17.11.2017 08:28 На русском

Эгиздер: Акназар менен Бекназар кимиси эрте ойгонсо окшош кийимдердин тазасын кийип кетишчү (фото)

Turmush -  Акназар менен Бекназар Абдыкасымов 1993-жылы Кара-Суу районундагы Сарай айыл өкмөтүнө караштуу Тельман айлында жарыкка келишкен. Экөө бири-бирине көп окшошпосо да, аларды айырмалай албагандар азыр да кездешет. Эгиздер менен аймактык кабарчы таанышты.

«Акназар менден 5 мүнөт эрте төрөлгөн. Экөөбүз эки тондо жайгашкандыктан өтө окшош эмеспиз. Ал сары болсо, мен кара торумун. Бала кезибизден көп эле кызыктуу окуяларга туш болуп өстүк. Апам бизге дайыма окшош кийим алып берчү. Бала бакчага, мектепке 15 жашка чейин окшош кийинип бардык. Кимибиз эрте ойгонсок таза кийимдерди кийип кетмей адатыбыз бар эле. Ошондуктан мен дайыма эрте туруп, таза кийимдерди кийип кетип калчумун. Анын айынан экөөбүз уруша кетип, апам кийимдерибизге белги салууга өткөн.

Кичинебизде айылдагылар атыбызды толук билчү эмес. бизди "Акы, Беки" деп чакырышчу. Айрымдар бирөөбүздүн атыбыз Акы-Беки деп ойлошчу экен. Азыр бири-бирибиздин ооруганыбызды сезип турабыз. Бул жоругубузга туугандарыбыз таң калат», - деди Бекназар.

24 жаштагы эгиздер учурда бойдок. Экөө үйлөнүү тоюн бир күндө өткөрүүнү максат кылып коюшкан. Акназар кесиби боюнча ашпозчу, ал эми Бекназар инженер-программист. Эгиздер үй бүлөдө төрт бир туугандын экинчиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×