Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Ошто аскер кызматкерлери жол кырсыкка кабылды

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунун Ишкаван айылында жол кырсыгы катталып, аскер кызматкерлери жабыр тартты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жол кырсык кечээ, 17-ноябрда саат 22:00дөр чамасында Ишкаван айылынын жанында катталган. Анда №02626 аскер бөлүктүн кызматкерлери бара жаткан «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа экскаваторду сүзүп алган. Анын жыйынтыгында 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген.

Жабыркагандар:

- 1992-жылы туулган Б.у. Н. унаанын айдоочусу, травматологогиялык бөлүмгө жаткырылган;

- 1989- жылы туулган А.Г., унаанын жүргүнчүсү, травматологогиялык бөлүмгө жаткырылган;

- 1977-жылы туулган Т.Ж., баш мээсинин жараат алып, ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2835
Көп окулду
×