Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Кара-Сууда жөө жүргүнчүнү сүзүп өлтүргөн унаанын айдоочусун кармашты

Turmush -  Кара-Сууда 46 жаштагы адамды унаасы менен өлтүрө сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин Патрулдук милиция бөлүмүнүн басма сөз кызматы бүгүн, 21-ноябрда билдирди.

17-ноябрь күнү саат 19:00 чамасында Кара-Суу районунун Ката-Талдык айылында белгисиз айдоочусу «Мерседес Бенц» үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатып, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүнүн Алгабас айылынан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Анын кесепетинен 46 жаштагы Р.М. (эркек киши) окуя болгон жерде каза болгон.

Милиция кызматкерлери бул кырсык боюнча ыкчам жүргүзгөн иш-чаранын негизинде Алай районунун Гүлчө айылынын 48 жаштагы тургуну Ш.Т. шектелип кармалды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1131
Көп окулду
×