Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Бир колу менен ийгилик жараткан шахматчы И.Чопошова Англиядагы турнирге жолдомо алды

Turmush -  Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу Кыргызстан айылынын 56 жаштагы тургуну Инабат Чопошова шахмат боюнча Англияда өтүүчү мелдешке жолдомо алды.

Ал Бишкек шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасындагы шахмат турниринде 13 мамлекеттин өкүлдөрүнүн арасында 5-орунду багындырган. 2-топтогу майып болгонуна карабастан 10 жашынан тартып шахматты өз алдынча өздөштүргөн каарманыбыз буга чейин да бир катар өлкөлөргө чыгып келген. Ал оң колу жок болгонуна карабай бир колу менен ийгилик жаратса боло турганын далилдеген спортчулардын бири.

«Кара-Суу районундагы дудуктар жана дүлөйлөр мектебинде окудум. Мага шахматты эч ким үйрөткөн жок. Өзүмдүн кызыгуум артып, 10 жашымдан үйрөнүп баштадым. Алгач 1985-жылдары Өзбекстандын атынан чыгып жүрдүм. Анткени аларда спортчуларга жакшы кам көрүлөт. Канчанчы орунду алса да ар бир спортчуга акчалай жардам көрсөтүлөт. Майрам күндөрү да эстеп, сыйлыктарын берип турушат. Ал эми биздин өлкөбүздө мамлекет жол акы, жатакана маселесиндеги чыгымдарды гана төлөп, башка колдоо жок», - деди ал.

2011-жылы өз мекенине кайтып, 2014-жылдан тартып Кара-Суу районундагы Жоош айыл өкмөтүндө жайгашкан дүлөйлөр жана дудуктар мектебине жумушка орношкон.

«Өзбекстанда жүргөндө кошумча жумуштарда иштеп жүрдүм. 1984-жылы станокко оң колумду алдыртып алган соң бир кол менен жан багуу керек болду. Алардын спортчуларды колдоп турганы кайра ийгилик жаратууга дем-күч берип турду.

Бул жолу шахмат-шашки боюнча Бишкекте өткөн сынакка 13 мамлекеттен оюнчулар келишти. Ал жакка барууга Төлөйкөн айыл өкмөтү колдоо көрсөтүп, чыгымдарымды төлөп беришти. 13 мамлекеттин ичинен 5-орунду ээлеп, 2018-жылы Англияда өтүүчү эл аралык мелдешке жолдомо алдым. Ал жактан ийгилик жараткандар жай мезгилинде Индияда өтүүчү мелдешке жолдомо алышат. Мамлекет тарабынан мага да колдоо болушун суранат элем. Жеңишке жетүүгө ишенип турсак дагы каражатыбыз жетпей калып калабыз. Мамлекет спортту өнүктүрүүгө өтө кылдат көңүл буруусу керек», - деди ал.

Учурда 2-топтогу майып Инабад Чопошова кызын өзү жалгыз тарбиялап келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2815
Көп окулду
×