Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 08.12.2017 12:00 На русском

«Жеңеке»: Айылга келин болгон Y.Ташматова кыргыз тилин 5 жылда үйрөнүп, 37 жашында студент болгон (фото)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Кара-Суу районунун Кара-Сөгөт айылынын 50 жаштагы тургуну Yлпия Ташматова. Ал 24 жыл бирге түтүн булаткан жолдошу менен убагында кайын агасы тааныштырганын айтат. Аймактык кабарчы жеңекеден кабар алды.

Y.Ташматованын айтымында, ата-энеси тажикстандык кыргыздар. Ал 10 жыл өзбек тилдүү мектепте билим алган.

«Мен 1967-жылы Кара-Суу шаарында төрөлгөм. Үй-бүлөдө 8 бир тууганбыз. 1974-жылы Ломоносов атындагы өзбек тилдүү мектепте 10 жыл окудум. Андан кийин жогорку окуу жайга тапшырып, сынактан өтпөй калдым. Ошол эле жылы К.Маркс атындагы орто мектебине катчы болуп жумушка орноштум. Кийин Кара-Суу районундагы мамлекеттик техникалык ишканага катчы болдум. Арадан көп убакыт өтпөй мамлекеттик айыл чарба техникалык ишкананын катчылык кызматына которулдум. Жолдошумдун улуу агасы аталган ишканада башкы директорлук кызматты аркалачу. Жолдошум менен таанышып калганыма кайын агам себеп болгон. 1993-жылы жолдошум менен таанышып, ушул эле жылдын апрель айында Кара-Сөгөт айылына келин болуп бардым», - деди ал.

Yлпия Ташматова кызы менен уулун кайненесине таштап коюп, 15 күндөп буудай оргон күндөрү болгонун белгиледи. Ал шаарда чоңойгондуктан айылдын жашоосуна көнө албай кыйналган.

«Эрке болуп чоңоюп, шаарда өскөндүктөн айылдын турмушуна көнө албай кыйналдым. Айылдагы жумуштарга көнүү кыйын болду. Алгач келин болуп барган күнүм азыркыга чейин эсимде. Кенен жерде жүрүп, бир кутунун ичине салып койгондой сезим болду. Айлана бийик-бийик тоолор менен курчалган. Бул жерде шаардагыдай зуулдап өткөн унаалар жок эле. Ошко каттаган бир гана унаа бар болчу. Ал да барса барат, барбаса жок. Бул жерде адамдардын жашап жүргөнүнө таң калгам. Тагдырыма жазылган экен. Ушул турмушка аралашып, жашап кеттим. Кыргыз тилин үйрөнө албай жүрүп, 5 жылда үйрөндүм. Улуу кызыма 6 ай болгондо аны бешикке бөлөп коюп, картошка сугарып келгеним эсимде. Кызым менен уулумду кайненеме таштап коюп 15 күндөп буудай оруп, аны кырманга алып чыгып, тазалап үйгө алып келчүбүз. Жолдошум буудай толтурулган каптарды үйгө ат менен ташычу. Мен ал келгенге чейин каптарга буудай толтурчумун. Ал күндөрдү эстеп, «кантип чыдадым экен» деп ойлоп калам. Буудайдан мурун күн карама орчу элек. Ошол мезгилдерде жаздан баштап кышка чейин күнүбүз талаада өткөн экен. Жазында жайлоодо болуп, жай мезгилинде малдарга тоют даярдачубуз. Ал эми, күзүндө күн карама, буудай оруп, айдалган жерге үрөн сепчү элек. Келин болуп келген жылдан баштап 2002-2003-жылдарга чейин ушундай жашоо кечирдик. Жазында жайлоого чыгып, ондогон бээ, уй саап, курут, май жасачубуз. Шаарда жүрүп жылкы көрбөгөндүктөн биринчи жолу аны көргөндө абдан таң калгам. Алгачкы жолу уй жана бээ саап жатканда алар мени тээп жиберген. Ошентип жүрүп бардыгын үйрөндүм», - деди ал.

Yлпия жеңе жолдошу Калмат Мамытов менен 24 жылдан бери бирге түтүн булатып келе жатат. Ага кыргыз үй-бүлөнүн каада-салтына көнүү оңой болгон эмес.

«Шаардын өзбек улутундагы адамдар жашаган бөлүгүндө өскөндүктөн кыргыз салттарын билчү эмесмин. Бул жакта саламдашуу да башкача экен. Келин болуп келгенде кайын журтка жүгүнүү башкача экенин көрдүм. Өзбектер той болгондо ортого чыгып бийлешпейт. Айылга келгенде музыка коюп алып, ортодо аялдар, эркектер бийлеп жатканын көрүп абдан таң калгам. Жолдошум экөөбүз 24 жылдан бери бирге түтүн булатып жатабыз. Ал мени кеч болсо да окутту. 2004-жылы аталган айылдагы Орозбек Кожошев атындагы мектепке катчы болуп орноштум. Ошол жылдары Ош гуманитардык педагогикалык институтта сырттан окуп, жогорку билимге ээ болдум. Бүгүнкү күнгө чейин аталган мектепте орус тили жана адабияты боюнча сабак берем. Орусчаны өзбек тилдүү мектептен үйрөнгөм. Биздин класс жетекчибиз орус улутунан болгондуктан орусчаны бат эле үйрөнгөнбүз. Ошондой эле, мектепте аялдар кеңешинин төрайымы да болгом», - деди ал.

Ү.Ташматованын 2 уулу, 2 кызы жана 3 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×