Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Кызыл-Суудагы бала бакча 150 миң сом байге утту

Turmush -  Ошто «Жергиликтүү демилге: бүгүн, эртең» деген аталышта облустук форум өтүп, «Жергиликтүү демилге 2017» республикалык сынагынын жыйынтыгы чыгарылды. Форумга Ош облусунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдордун өкүлдөрү, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары жана Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлү катышты.

«Быйылкы сынакта 1-орунду Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айыл аймагы ээлептир. Бул жеңиштин артында кандай аракеттер жана иш-чаралар турганын сынактардын катышуучулары билишет. Бала бакчаларда шарт түзүп берүү, жылытуу системаларын оңдоо, жолдорду оңдоо, элге таза суу жеткирүү жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө көптөгөн донорлор тарабынан жардам көрсөтүлүүдө. Жардам албетте жакшы, бирок ушул сыяктуу демилгелерди өзүңүздөр деле колдоого алып, андан ары жайылтууну колго алсаңыздар болот. Мен сиздерди ушул багытта иш алып барууга үндөйм», - деди өкмөттүн облустагы өкүлүнүн биринчи орун басары Байыш Юсупов.

Долбоордун жетекчисинин орун басары Сабина Градваль мындан ары уюштурула турган бардык сынактарга катышып, чоң ийгиликтерге жетишүүгө тилектештигин билдирди.

Сынактын комиссиясы 64 өтүнмөнү карап чыгып, байгелүү орундарды төмөнкүчө бөлүштүргөн:

- 1-орун – «Балдар биздин келечегибиз», өтүнмөнүн ээси – Кара-Суу районундагы «Султанмурат» бала бакчасынын башчысы Бостонбаева Телегей (150 миң сом байге);

- 2-орун – «Ички сугат суу үчүн дамбанын курулушу», өтүнмөнүн ээси Карабалаев Мирбек – айылдык кеңештин депутаты, Нарын облусунун Нарын району (100 миң сом байге);

- 3-орун – «Жаштардын биримдиги – Александровка айылынын өнүгүүсү жана келечеги», өтүнмөнүн ээси – Шарипов Абдулла, Чүй облусунун Москва районундагы Александровка айыл аймагы (70 миң сом байге).

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1440
Көп окулду
×