Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

«Болочок генийлер»: Сынакты жеңген окуучу студент болгондо 5 жыл бою стипендия алат

Turmush -  Кара-Суу районунда жыл сайын «Болочок генийлер» сынагы өтөт. Бул жылы да аталган сынак мектептер арасында өтүп, финалдык беттеш жыйынтыкталды.

Сынакка райондон 17 мектептин алдыңкы окуучулары катышкан. Анда баш байгеге ээ болгон окуучуга жогорку окуу жайдын студенти болгондо фонд тарабынан беш жыл бою стипендия төлөнөт.

Күч сынаган 17 окуучу сынактын биринчи шарты боюнча тестирлөөдөн өтүштү. Анда уюуштуруучулар тарабынан түзүлгөн жалпы 30 cуроо берилип, 20дан аз упай топтогон жети окуучу сынактан четтетилди.

Экинчи шарт боюнча окуучулар предметтик суроолорго жооп беришти. Ар бир окуучуга 10дон суроо берилди. Сынактын үчүнчү баскычында логикалык жана күтүүсүз суроолор болуп, билим деңгээли жогору жана дүйнө таанымы кенендигин далилдей алган 4 окуучу финалда күч сынашты. Төрт окуучунун арасынан Алыкул Осмонов атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Бекислам Айбек уулу баш байгеге ээ болду.

Уюштуруучу Кубанычбек Кудайкуловдун айтымында, финалдык баскычтын жеңүүчүлөрү жана катышуучулары 22-декабрь күнү сыйланат. 1-2-3-орунга ээ болгон окуучуларга кызыктыруучу баалуу сыйлыктар даярдалган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1419
Көп окулду
×