Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ош

Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзү оңдолду (фото)

Turmush -  Кечээ, 17-декабрда Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү Сары-Мазарда жайгашкан Алымбек датка менен Курманжан датканын күмбөзүндө эскерүү кечеси болду. Ага Кара-Суу райондук администрациясынан өкүлдөр, айыл өкмөттөрдөн аксакалдар жана даткалардын урпактары катышты, деп билдирди кабарчы.

Эки күмбөз тең оңдоодон өткөнү маалым болду. Күмбөздү реконструкциялоо ишин жеке ишкер Жолдошбек Моңолдоров өз көзөмөлүнө алган.

«Буга чейин жергиликтүү бюджеттин эсебинен Курманжан датканын 200 жылдыгында оңдоп-түзөө иштери жургөн болчу. Мүрзөгө баруучу жолдор кошо оңдолгон. Күмбөз дайыма көзөмөлдө турат. Эң эски мүрзөлөрдүн катарын толуктан Сары-Мазарда Фергана өрөөнүндөгү улуу инсандардын сөөгү коюлган», - деди Кара-Суу районунун акиминин орун басары Мехриниса Жороева.

Даткалардын уулдары Камчыбектин сөөгү да аталган мүрзөгө коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 493
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:34,   17.01.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×