Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Кызыл-Кыштак айылындагы жашоочулардын чыры чечиле элек (видео)

Turmush -  Кызыл-Кыштак айылынын айрым тургундарынын ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, эки тарап бири-бирин күнөөлөп жатышат.

18-декабрь күнү Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылынын тургундары маалымат жыйын куруп, Диляфуруз жана анын жергиликтүү кеңештеги бир тууганы элди улуттарга бөлүп жатат деп күнөөлөшкөн. Маалымат жыйындын катышуучулары шайлоо учурунда улуттар аралык маселе көтөрүлгөнүн, алдын алуу максатында аларды жоопко тартууну айтышкан. Учурда андай маселе жок экенин, эки эл ынтымакта жашап жатканын белгилешти.

«Кызыл-Кыштак — көп улуттуу айыл өкмөт. Социалдык жана саясий маселелерди чечип жатканда улут аралык ажырымга жол берген нерселер болуп жатат. Маселелерди улуттар аралык мамилеге аралаштырбоо керек. Мындай нерселердин алдын алуу зарыл. Бактыга жараша азыр айылыбызда ынтымак жакшы. Бир элбиз», - деди Кызыл-Кыштак айылынын тургуну Алишер Маданбеков.

пр4

Ал эми бүгүн, 20-декабрда АКИпресс-Ошто Диляфуруз Рахманова жана Кызыл-Кыштак айыл аймагынын тургундары жооп иретинде маалымат жыйын уюштуруп, мурдагы маалымат жыйында айтылгандарды төгүндөштү.

Жыйындын катышуучулары Диляфуруз Рахманова айылдагы мыйзам бузуулар, акыйкатсыздык тууралуу маселелерди көтөрүп жүргөнү үчүн атайын каралоо болуп жатат деген пикирде.

«Мен майыптарды, СПИД менен ооругандарды билем. Мен ошолор үчүн жер тилкесин бергиле деп айыл өкмөттөргө кайрылгам. Жаран катары аларга жер берилишин каалайм. Жарандык позициям ошондой. Мен айта берем, сүйлөй берем. Алар мектепке, майыптарга карасын. Жылдап жер тилкесин алууга кезекте турушат. Мен ошондой маселелерди көтөргөнүм үчүн мага доомат кылып жатышат. Мурдагы аэропорттун жерин сатып жиберишти. Улут аралык маселени көтөргөн болсом далилдешсин. Мен алардын ишин далилдей алам», - деди Диляфуруз Рахманова.

пр

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2120
Көп окулду
×