Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-январь
69.39    84.9    1.23    KZT 0.21
Ош

АКИ-TV: Курманжан датканын боз үй тибиндеги музейине саякат (фото)

Turmush -  Тарых барактарында өчпөс болуп жазылып калган Курманжан датка, анын саясий ишмердүүлүгү айтып бүткүс чоң дүйнө. Turmush басылмасынын кабарчысы анын Алай районундагы музейи менен таанышты.

Алайдагы музейге баш бакканда эле Курманжан датканын жезден тургузулган, бийиктиги 7 метрди түзгөн эстелиги менен эки жолборс тосуп алат. Эки кабаттуу тарыхый-этнографиялык музейден Курманжан датка 95 жашында небереси менен жайлоого бара жатканда тартылып калган сүрөттү да көрүүгө болот.

Музей 1991-жылы Курманжан датканын 180 жылдык мааракесине карата ачылган. Ачылыш аземине ошол кездеги президент Аскар Акаев катышып, музей жетекчилигине ачкычын тапшырган эле.

Музейдин 1-кабатында Курманжан датканын 180 жылдыгына карата берилген белектер, анын айкели жана музейди куруу учурундагы сүрөттөр бар. Ошону менен катар Алайдан чыккан чыгаан уул-кыздардын, район жетекчилеринин да сүрөттөрүнө орун берилген. Ал эми, 2-кабатында Курманжан датканын колдонгон буюмдары, баласы Абдылдабектин, чөбөрөсү Муса Адышевдин айкелдери жайгаштырылган.

Курманжан датканын уникалдуу сүрөттөрү сакталганын музейдин илимий жетекчиси Назгүл Жетибаева кошумчалады.

«Музейде Курманжан датка энебиздин кийип жүргөн элечеги, дарга асылган уулу Камчыбектин чапаны, колдонгон буюмдары сакталып турат. Мындан сырткары 95 жашында финляндиялык окумуштуу Карл Густав Эмиль Маннергейм тарабынан тартылып калган сүрөттөрү бар. Музейдин башка музейлерден айырмачылыгы боз үй тибинде курулгандыгында жана Алай жергесинде жайгашканында десем болот», - деди Н.Жетибаева.

Алай ханышасы

Орус бийлигинин Алайды каратып алуу аракети жүрүп жатканын билген Курманжан датка Ооганстандын Памирине шашылыш көчүп кетип жаткан жерден майор М.Е.Ионовдун кошууну колго түшүргөн. Курманжан датка каршылык көрсөтпөстөн, М.Е.Ионовдун генерал М.Д.Скобелевге жолугуу жөнүндөгү талабына макул болгон. Бир топ бийлердин коштоосунда кичүү уулу Камчыбекти, небереси Мырзапаясты алып, Чоң-Алайда өргүү алып жаткан М.Д.Скобелевдин лагерине түшкөн. Генерал М.Д.Скобелев Курманжан датканы сый-урмат менен тосуп алып, алтын чөйчөктү белекке берип, чапан жапкан. Курманжан датка туткун абалына карабастан өзүн салабаттуу кармап, акылдуу жана терең сөздөрү менен таң калтыргандыктан генерал М.Д.Скобелев орус бийликтерине Курманжан датка жөнүндө маалымдаган рапортторунда ага «Алай канышасы» деген наам ылайык келерин жазган.

Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында Курманжан датка орус бийликтерине багынгандыгын билдирген жана балдарын мурунку жайларына көчүрүп келүүгө, алайлыктарды орус букаралыгын кабыл алууга көмөктөшүүгө мажбур болгон.

Тарых барактарында Курманжан датка 1811-жылы жарык дүйнөгө келип, 1907-жылы көз жумганы айтылат.

Курманжан датка кыргыздардан чыккан алгачкы саясатчы айым катары дагы белгилүү. Музей кызматкерлери тарабынан быйыл «Чеберлер ордосу» деген топ түзүлгөн. Алар улуттук кийимдерди тигип, сувенирлерди жасап, музейдеги дүкөнгө сатыкка коюшат.

Музейге кирүү акысы 20 сом, турсттер үчүн 50 сомдон. Алайдагы турмуш курган жаш жубайлардын басымдуу бөлүгү той күнү музейге кирүүнү адатка айлантышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2539
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×