Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Кара-Сууда муктаж жашоочуларга 839 миң сом таратылды

Turmush -  Кара-Суу районунда 1-2-3-топтогу майып жарандарга жергиликтүү бюджеттен жана мекемелер тарабынан акчалай жардам берилди. Акимдин орун басары Мехринса Жороеванын айтымында, декабрь айында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга колдоо көрсөтүү максатында «Биз биргебиз» кайрымдуулук айы жарыяланган.

«Ушул айда Кара-Суу району боюнча 2048 адамга 839 миң сом акчалай жардам берилсе, 560 адамга 150 миң сомдук азык-түлүктөр таратылды. Мындан сырткары 65 адамга 47 миң сомдук материалдык жардам, 500 адамга 100 тонна көмүр берилди. Ошондой эле демөөрчүлөр тарабынан да жардамдар көрсөтүлдү.

Жоош айыл өкмөтүндөгү дүлөй балдар интернатына 10 миң сом, Кашкар-Кыштак айыл өкмөтүндөгү бала бакчага 5 миң сом акчалай жардам берилди», - деп кошумчалады М.Жороева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1502
Көп окулду
×