Бөлүмдөр
Шейшемби, 17-июль
Ош

Видео, фото - 2 жаштагы Умар мамлекеттердин картадагы ордун жана желектерин жатка билет

Turmush -  Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылынын 2 жаштагы (2 жаш 3 айлык) тургуну Умар Абдыкадыров жер шаарынын физикалык картасынан бир катар өлкөлөрдүн жайгашкан ордун жатка билет. Умардын бул өнөрүнө агалары себепкер экенин эжеси Кундуз Талканчиева аймактык кабарчыга билдирди.

Ал атасынын үйүнө барганда кокусунан кичинекей инисинин талантын байкап калган.

«Атамдын үйүнө барсам иним Якутбектин кичүү уулу Умар ар бир мамлекетти картадан көрсөтүп жатыптыр. Байкап карасам көп мамлекеттин картасын, тууларын жатка билет экен. Мындан улам Максим Галкиндин "Лучше всех" долбооруна катыштырса болгудай деп ойлоп, видеого тартып койдум.

Иним Якутбектин 5 баласы бар, Умар 5-уулу. Бир тууган агалары күндө эрмектеп жатып, картаны жаттатып коюшуптур», - деди К.Талканчиева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4265
Көп окулду
×