Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Ош

Эл ичи — өнөр кенчи: Актер Ж.Арыстанов Москвада тамада болуп иштеп жатат (фото)

Turmush -  Ош облусунун Кыргызчек айылында өскөн 23 жаштагы Жегисхан Арыстанов учурда Москва шаарында тамада болуп иштеп жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, быйыл күзүндө үйлөнөт.

«Ата-энем Москвада, ошол себептен бул жакта болууну чечтим. Бул жакта той, банкет, мааракелер өткөрүлүп турат. Өзүм тамада, актёр, КВНчимин. Ошто коледжде 1-курста окуп жүргөндө Нурислам деген жигит менен «Kyrgyz boys» командасын түзгөнбүз. Кийин «No name» командасында ойноп жүрдүм.

Ал эми, актёрлук чыгармачылыгымды эң биринчи Гүлжигит Сатыбековдун «Агенттеги махабат» деген клибине тартылуудан баштагам. Андан кийин Ошто Исхак деген дос баламдын «Мимолетный гость» деген реп ырына, Нурлан Насиптин ырына, Самара Каримованын «Өрүкзарга кетели» ырынын клиптерине тартылдым. Эң акыркысы Ильяз Кудуретовдун «Билсең болду» деген клиби болду. Жалпы 9 клипке тартылдым», - деди ал.

Тамада-актер үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1549
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×