Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ош

Кара-суулук эне жалгыз уулун 10 жылдан бери күтүп жатат (фото)

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылынын тургуну Ырыс Мамытова 10 жыл мурун дайынсыз жоголгон уулу Кубаныч Эсеновду күтүп жүрөт. Уулун издөө өтүнүчү менен бир катар мамлекеттик органдарга кайрылган. Бирок жыйынтык чыга элек.

Кубаныч Эсенов (1)

Анын айтымында, андан 2 жыл мурун күйөөсү каза болгон.

«Мындан 12 жыл мурун жолдошум Жусуп Эсенов көз жумган. Өлгөндүн үстүнө көмгөн болуп, 2 жылдан кийин уулум дайынсыз жоголду. Уулум абдан мээримдүү, эч кимге жамандыгы жок, эч кимди жаман ойлобогон бала эле. Балким ошондон улам бирөөлөргө алданып жоголуп кеткендир», - деди ал.

Кубаныч Эсенов 2007-жылы Казакстандын Алмата шаарындагы туугандары менен жашап жаткан батирден жумуш издеп чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

«Кайним Казакстандын Алмата шаарында иштечү. Улуу кызым да ал жакта соода кылчу эле. Уулум 2007-жылы алар менен бирге иштегени кеткен. Ошол эле жылы туугандарыбыз менен жашап жаткан батирден жумуш издеп келем деп кеткен бойдон дареги билинбей калды», - деди Ы.Мамытова.

Үмүтүн үзбөгөн эне 3 кыз, 1 уулду болгон.

«Жалгыз уулумдун жоголуп кеткени мага катуу сокку болду. Ушул 10 жыл аралыгында мен барбаган телеканал калбады. Кыргызстандын "Кайдасың?" теледолбооруна, Казакстандын телеканалындагы ушундай эле долбоорлорго бардым. Мындан сырткары, Россиянын 1-каналындагы "Жди меня" телеберүүсүнө кайрылгам. Алардын биринен да жооп келген жок», - деди Ы.Мамытова.

Кубаныч Эсенов

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1719
×