Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ош

Кара-суулуктар үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратын курууну сунушташты

Turmush -  Кара-Суу шаарында кечээ, 18-январда элдик жыйын уюштурулуп, аймакты өнүктүрүү маселесин талкуулашты. 450 адам чогулган жыйында алгач Кара-Суу шаарынын мэри Кутугалы Козубаев 2017-жылы аткарылган иштер боюнча маалымат берип, 2018-жылдагы планга токтолду.

Маалым болгондой, 2018-жылы районго үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имаратын куруу боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигине сунуш берилди. Мындан сырткары, Кара-Суу шаарынын тазалыгы, жол боюндагы үйлөрдүн көрүнүшү, мыйзамсыз курулуштарды, жолго чейин чыгып кеткен имараттарды иретке келтирүү маселелери айтылды.

Аталган жыйынга Ош облусунун жетекчиси Таалайбек Сарыбашев, Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыканов, Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов жана саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери катышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 952
Көп окулду
×