Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Ош

Фото, видео - Кара-Суудагы сүннөт той 3 автоунаа, 10 тай байгеге коюлган улак тартыш менен коштолду

Turmush -  Кечээ, 21-январда Кара-Суу районунун Талдык айылында баш байгеге 3 автоунаа коюлган улак тартыш өзгөчө кызыктуу өттү. Маалым болгондой, алайлык тургун Данияр Борошев уулдарына сүннөт той берип, облус аймагындагы улакчыларды чакырууну чечкен.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жеңүүчүлөр үчүн 10 тай, 10 кой жана акчалай сыйлыктар да даярдалган.

Мелдешти Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев ачып, белгилүү төкмө акын Идрис Айтбаев алып баруучулук милдетти аткарды. Ошондой эле, улак тартыш белгилүү ырчылардын концерттик программасы менен коштолду.

Жыйынтыгында «Хендай Аванте» автоунаасын кара-суулук Улукбек, «Жигули» автоунаасын белгилүү улакчы Бауш Султанбеков, ал эми «ДЭУ Ланос» унаасын «Спезнац» каймана аттуу Медер балбан алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1228
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 3 адам окуп жатат)
×