Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-май
Ош

Баш-Булакта тигүү цех ачылып, 25 кыз-келинге жумуш берилди (фото)

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Баш-Булак айылында кийим тигүүчү цех иштей баштады. Бул тууралуу Катта-Талдык айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, цех 2017-жылдын аягында ишке кирген. Учурда анда 25 кыз-келин эмгектенип жатат. Алар кийим-кеченин түрлөрүн тигип, кыздарга сеп да даярдап беришет. Буйрутманы айыл тургундарынан жана базардагы сатуучулардан алып жатышат.

Имараттын курулушуна түрткү берүүчү гранттан 2 млн 584 миң сом, айыл өкмөттүн бюджетинен 455 миң сом акча каражаты жумшалган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 810
Көп окулду
×