Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Ош

Кара-Сууда дагы бир милиция бөлүмү ачылды (фото)

Turmush -  Бүгүн, 24-январда Кара-Суу шаарындагы Арашан кичи шаарчасынын кварталдык комитетинин жана милициянын таяныч пунктунун ачылыш аземи болду.

Мэриянын маалыматы боюнча, 2017-жылдын 10-апрелинде Кара-Суу шаардык мэриясы, шаардык кеңеш жана райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте үч тараптуу план түзүлгөн. Ал план коомдук тартипти сактоо, диний экстремизм, терроризмди алдын алуу жана кылмыштуулукка жол бербөө максатын көздөгөн.

Бирдиктүү планды ишке ашыруу максатында БУУнун «Кылмыштуулукка жана баңгизатка каршы» программасынын негизинде Кара-Суу шаардык мэриясынын долбоору колдоого алынды. Долбоордун негизинде уюмдун жалпы салымынын суммасы 403 миң сом болсо, жергиликтүү бюджеттин эсебинен курулуш иштерине 450 миң сом акча жумшалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 540
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
12:12,   24.02.2018   ( 1 адам окуп жатат)
×