Бөлүмдөр
Бейшемби, 16-август
Ош

«Мекендештер»: Кара-суулук А.Чолпонов Россияда кыргыздарды шыктандыруучу семинар, тренингдерди өтүүдө (фото)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда өскөн 28 жаштагы Арзыбек Чолпонов Москва шаарында лекторлук мектепти аяктап, учурда адамды шыктандырган семинар, окууларды өтүп келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Арзыбек буга чейин Ош мамлекеттик университетинен инженер-технолог кесибин үйрөнүп баштап, бирок окуусун аяктаган эмес.

«Мен Өзбекстан менен Кыргызстандын чек арасына жакын жердеги Андижан шаарынын Правда чөлкөмүндө туулгам. Төкмө акын Идрис Айтибаевдин жердеши болом. Үй-бүлөдө 3 бир тууганмын. Атам Алишер Чолпонов 53 жашта, апам Гүлнур Чолпонова 47 жашта. Учурда жеке ишкерлик менен алектенишет. Биз 8-класстан баштап Оштун Кара-Суу районуна көчүп келип жашап калдык. Орто мектепти 2008-жылы аяктап, жогорку окуу жайга тапшыруу максатында шаардагы ар кандай курулуштарда иштеп жүрдүм. Окуу жылдын башында Ош мамлекеттик университетинин инженердик-технология факультетине тапшырып, 4-курсту аяктаган соң Бишкек шаарына кетип калгам. Андан соң Россиянын Санкт-Петербург шаарына акча табуу максатында жөнөп кеттим. Алгач Питер шаарында туугандарым менен чогуу иштеп, жашап жүрдүм. Ошол мезгилдери Москвада окусам жана ийгиликке жеткен адамдар менен болсом деп тиленчүмүн. 2013-жылы Москвага барып, жумуш таап иштеп калдым», - деди А.Чолпонов.

Арзыбек Москва шаарына барып, ар кыл шыктандыруучу курстарга, лекторлордун сабактарына катышып, өз жөндөмдүүлүгүн өнүктүрө баштаган.

«Бишкекте жүргөндө кинорежиссер Эрнест Абдыжапаровдун мастер-класстарына катышып жүрдүм. Анын аркасы менен кыска метраждуу тасмаларды тартып сертификат алгам. 2017-жылы Москва шаарында лекторлордун мектебин толук бүтүп, артыкчылык сертификатына ээ болдум. Учурда өз алдымча адамды шыктандыруучу окууларды өтүп каражат табам», - деди ал.

Арзыбек учурда миллионерлер жана ишкерлер менен жолугуп, алар менен маектешип, кеңеш сурап, тажрыйба топтоодо. Эс алуу күндөрү «Биз баңгизатка каршыбыз» аталыштагы акцияны колдоп жардам берип турат.

«Кыргызстанга барып, алган билимимди мектеп, университеттерге бөлүшөйүн деген пландар бар. Ошондой эле келечекте Америкага барып, миллионерлер менен жолугуп, өзүм дагы алардын катарына кошулсам дейм. Ушул айда 2 миллионер инсан менен жолугам. Мындан тышкары кайсыл жерде гана болбоюн кыргыздарга тренинг өтсөм, аларды шыктандырсам дейм», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2254
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×