Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Ош

Кара-Суунун Ак-Таш айылдык кеңешине 21 депутат шайланды

Turmush -  Кечээ, 28-январда Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүндө жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен 21 мандаттын ээлери аныкталды, деп билдирди айыл өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Тыныч Бакиров.

Анын айтымында, шайлоого жалпы 62 талапкер катышты.

«Шайлоо күндүн суугуна карабай тынч өттү. Жалпы 62 талапкер катталып, анын ичинен 21 талапкер шайланды. 2017-жылы май айында менин кызматымдын мөөнөтү бүткөн. Жаңы айыл өкмөт башчы шайланышы керек эле. Бирок 2 жолу депутаттар чогулбай, кворумдун жоктугунан депутаттар таркаган», - деди Т.Бакиров.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 721
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 3 адам окуп жатат)
×