Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Ош

Кара-Сууда 6 жаштагы кызды автоунаа сүзүп кетти

Turmush -  Оштун Кара-Суу районундагы Шарк айыл аймагында 6 жаштагы кызды автоунаа сүзүп кетти. Кырсык 27-январь күнү саат 22:00 чамасында болгонун Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

«ДЭУ Матиз» унаасынын алдында калган К.Э. (2012-жылы төрөлгөн) оор жаракат алып, окуя болгон жерде үзүлгөн. Учурда бул кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Автоунаанын айдоочусу (1989-жылы туулган) кармалып, Кара-Суу районунун тургуну экени белгилүү болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 774
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×