Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 05.02.2018 11:01

Эл ичи — өнөр кенчи: Жыландай ийилип бийлеген Б.Өмүрбеков Россияда иштеген апасын Кыргызстанга алып келүүнү көздөөдө (фото, видео)

Turmush -  Дүйнө элин өзүнүн өнөрү менен таңкалдырып келген бийчи Баяман Өмүрбеков 1996-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Эркин айылында туулган.

Бала кезинен бий менен алектенген Баяман таенеси Назира Козуеванын колунда чоңойгон. Үй-бүлөдө жалгыз уул. Атасы менен апасы кичинекей кезинде ажырашып, Баяман Эркин айылындагы №46 Садык Маматов атындагы орто мектепте окуган.

«Мен атамды көргөн эмесмин. Апам учурда Москвада иштейт, ал мени таенем Назира Козуеванын колуна таштап кеткен. Ал мени өз баласындай багып, мага апамдай эле болуп калды.Таенем азыр 80 жашка чыкты. Мен мектепти бий өнөрүмө байланыштуу 10-классымда таштап салгам. Бала кезден эле мал багып, кой кайтарып жүргөндө бийлечүмүн. Ошондо эле бий менен таанылам жана чет мамлекеттерге чыгып бийлейм деп максат кылчу элем.

Апамды Москвадан алып келип, ушул жерде багып, бактылуу кылгым келет. Сүйгөн кызым бар, аты Лира. Экөөбүз бири-бирибизди абдан түшүнүшөбүз жана жакшы көрөм. Жан дүйнөсүн жактырам. Апам, таенемдер менен тааныштырып койгом», - деди Б.Өмүрбеков.

Баяман бийлеп жүрүп көптөгөн чет өлкөлөрдү кыдырып чыкты. Ири өлкөлөрдө өткөн жаш таланттар сынактарында белгилүү бийчи Атай Өмүрзаков жана анын «Тумар», «Адем» бий топторунда бийлеп, эң оор элементтерди аткарган.

«Мени бий өнөрүнө алып келген жана түрткү болгон Атай Өмүрзаков байкеме ыраазымын. Атай байкеден көп сабак алдым. Ал Ош шаарына келгенде араң жолугуп, талантымды көрсөтө алгам. Кийин байке чакырганынан барып иштешип калдык.

Бир эле Америка калды, калган өлкөлөрдүн баарына барып, сынактарга катышып, алдыңкы орундарды алып жатабыз. Бийлеп жүрүп колум, буттарым чыгып кеткен күндөрүмдү эстесем корком. Азыр "Адем" бий тобунда да бийлейм.

Таенеме көптөн бери бара элекмин, сагынып кеттим. Жакында чет мамлекетке чыгам, анын алдында таенеме барып, батасын алып кетейин деп турам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×