Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Ош

Кара-Сөгөттө акыркы 2 жумада 10дой жылкыны карышкырлар жеп кетти

Turmush -  Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сөгөт айылындагы талаадан карышкырлар эки жума ичинде 10дой жылкыны жеп кетти. Бул тууралуу жергиликтүү тургун Нурбек Мамытов билдирди.

Анын айтымында, 4-февралда да карышкырлар 2 чоң бээни жок кылышкан.

«Буга чейин 10дой жылкыны карышкырлар жеп кеткен. 4-февралда, андан 3-4 күн мурун дагы кол салуулар болду.

Жылкылар айылдагы Кара-Жылга жана анын айланасындагы жайыттарда жүрөт. Быйыл кыш жеңил болгону үчүн жылкыларды үйгө алып келген эмеспиз. Бул жылы карышкырлар абдан күч алды», - деди ал.

Ал эми, Катта-Талдык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Казыбек Тажибаев аталган айылдын жашоочулары тарабынан карышкырлар боюнча маалымат түшпөгөнүн билдирди.

Жергиликтүү тургундун айтымында, былтыр карышкырлар 5-6 жылкыны зыянга учуратышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 527
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 2 адам окуп жатат)
×