Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Ош облусуКара-Суу району 06.02.2018 17:28 На русском

Кара-Сууда 12 кош бойлуу өспүрүм кыз каттоодо турат

Turmush -  Бүгүн, 6-февралда Кара-Суу районунда диний экстремизм жана башка орчундуу маселелер көтөрүлгөн жыйын уюштурулду. Анын алкагында акимдин орун басары Мехринса Жороева өспүрүмдөр өз өмүрүн кыйган фактылар көбөйгөнүн, эрте никеге туруу фактылары да бар экенин айтты.

«Өспүрүмдөрдүн арасында өзүн-өзү өлтүрүү фактысы көп катталууда. 2017-жылы 6 бала өзүн өлтүрсө, 2018-жылы январь айында эле 1 өспүрүм көз жумду. 3 бала өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылып жатат. Мындай окуяларды алдын алып, ага байланыштуу көйгөйлөрдү чечели деп жыйынга чогулуп жатабыз.

Биздин райондо дагы бир факты катталды — таенеси жээн небересин уруп, анын кесепетинен өспүрүм ооруканага жатып калды. Буга эмне түрткү болуп жатат?... Бул жерде айтылган баалуулуктар сиздер аркылуу көпчүлүккө жетсин деп жыйын кылып жатабыз. Райондогу молдолордон сурасак "нике кыйган жокмун" дейсиңер. Бирок азыр райондо 12 өспүрүм кыз кош бойлуу катары каттоодо турат.

Биздин райондо калктын саны да көп, ажырашуулар да көп болуп жатат. Бул маселелерге көңүл кош мамиле кылбашыбыз керек», - деди ал.

Жыйынга райондун аймагындагы айыл башчылар, имамдар, мектептердин социалдык педагогдору, аялдардын диний окуу борборлорунун өкүлдөрү, Ош облустук мамлекеттик дин комиссиясынын өкүлү, Ош ОИИБдин эктремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын өкүлү, райондун прокурору жана башкалар катышты.

Учурда Кара-Суу районунда 420 миңден ашык адам, 25 улуттун өкүлдөрү жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×