Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Ош

Кара-Сууда Сирияга барганы үчүн жазасын өтөп чыккан 9 жаран боштондукта

Turmush -  Оштогу Кара-Суу районуна Сириядан жалпы 24 адам кайтып келген. Бул маалыматты Кара-Суу РИИБдин экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы Руслан Омошов райондо өткөн жыйында айтты.

«Акыркы убактарда экстремисттик уюмдардын күч алып жатканы байкалууда. «Таблиг жамааты» уюмунан бөлүнүп чыккан «Йакын-Инкар» уюмунун ишмердүүлүгүнө 2017-жылдын 15-июнунда тыюу салынган. Бул мыйзам кабыл алынганга чейин Кара-Суунун аймагында Ысык-Көл облусунан келген 24 адам ал уюмдун мүчөсү экени аныкталган. Аларга дин комиссиясы тарабынан эскертүү берилип, ар бирине 500 сомдон айып пул салганбыз. Мыйзам кабыл алынганда ошол эле жарандар Кара-Суу районуна келип, ишмердүүлүгүн, үгүттөө жүргүзгөнүн УКМК менен менен бирге аныктадык. Жыйынтыгында 24 адам 2 жылдан абакка кесилген.

Акыркы 1 айдын ичинде Жалал-Абад облусунан «Йакин-Инкар» тобунун мүчөлөрү Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына келгени аныкталып, үгүттөө иштерине тыюу салынган. Алардын ичинен 10 адамдын үстүнөн 4 кылмыш иши козголуп, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүрүп жатат. Бизде 160 адам каттоодо турат. Алардын көпчүлүгү «Хизб ут-Тахрир» уюмунун мүчөлөрү.

Бул уюм боюнча былтыркы жылы 26 факты аныкталып, 6 адам кылмыш жообуна тартылган. Алардын ичинен үчөө аялдар, үчөө эркек кишилер болуп саналат.

Сирияга кеткен атуулдар боюнча жалпысынан бүгүнкү күнгө такталганы 238 учур болуп жатат. Булардын ичинен 47 адам өспүрүмдөр, 24 адам үй-бүлөсү менен кеткендер. Кайтып келгендердин саны 24 адамга жетти. Алардын ичинде кылмыш жообуна тартылып, абакта жазасын өтөгөндөрү бар. Ал эми, 9 адам жазасын өтөп бүтүп, боштондукка чыккан.

2016-жылдын 3-кварталынан баштап бизден Сирияга кеткендер болгон жок», - деди ал.

Ал эми райондун прокурору аймактардагы имамдарды тууганчылык менен толук маалымат бербей жатат деп айыптады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 612
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:23,   24.02.2018   ( 3 адам окуп жатат)
×