Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-февраль
Ош

Төлөйкөн айыл аймагында турак үй өрттөнүп, жанындагы үйгө жайылды (фото)

Turmush -  Оштогу Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл аймагында турак үйдөн өрт чыкты, деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, өрт кырсыктын кесепетинен Мырзалы Чоло уулу көчөсү №2 дарегиндеги турак үйдүн 20 чарчы метр чатыры, сарайдын 40 чарчы метр чатыры, 1 скутер, унаа тетиктери, 8 дөңгөлөк жана 2 куб отун күйгөн. Ошондой эле, өрт жанында жайгашкан турак үйгө жайылып, 15 чарчы метр чатыры өрттөндү.

Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 427
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×