Бөлүмдөр
Ишемби, 22-сентябрь
Ош облусуКара-Суу району 14.02.2018 16:55

Сарай айылдык кеңешинин депутаттары бай айыл өкмөттүн башчысына нааразы (видео)

Turmush -  Бүгүн, 14-февралда Кара-Суу районунун Сарай айылдык кеңешинин депутаттары Кыргызстандын түштүгүндөгү эң бай деп саналган Сарай айыл өкмөтүндө алгылыктуу иштер аткарылбай жатканын айтып, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдошту.

Сарай айылдык кеңешинин депутаттары айыл өкмөт башчысына нааразы

Маалымат жыйынга чогулган депутаттар Сарай айыл өкмөтү «Кара-Суу» базарынын эсебинен бай айыл өкмөттөрдүн катарын толуктап, бюджети 100 млн сомдон ашык экенин айтышты.

«Киров айылына бала бакча курууга 30 млн сом бөлүнгөн. Бирок бүгүнкү күнгө чейин бала бакча үчүн жер тилкеси бериле элек. Айрым жер тилкелерди сатып жиберишкен. Күнөөлүү адамдарга юридикалык баа берүү керек. Биздин айыл өкмөттө мыйзамсыз иштер көп», - деди айылдык кеңештин депутаты Алмаз Батыров.

Жыйында айыл өкмөт башчысы отчет бербей жатканын да сынга алышты.

«Биздин айыл өкмөт эң бай. Бирок элге керектүү иштер аткарыла элек. Президентибиз, премьер-министрибиз айыл аймактарды өнүктүрөлү деп жатат. Айыл өкмөттөр тазаланмайынча айылдар өнүкпөйт.

Депутаттар, эл дагы айыл өкмөт башчыга нааразы. Отчет бербейт. Ага чара көрүү үчүн президентке, өкмөт башчыга кат жолдодук. Бийлик өз көзөмөлүнө алса жакшы болмок, анткени коррупция көп», - деди эл өкүлү Мурат Акимов.

Ал эми Сарай айылдык кеңешинин мурдагы төрагасы Алтын Салимовдун айтымында, айыл өкмөт башчы 2016-жылдагы отчетту да тапшыра элек.

«2016-жылы мен төрага болуп турганда 149 млн сом менен бюджет жабылган. Бирок анын да отчетун бере элек. Айыл өкмөттөгү 16 гектар аянт көрүстөн болсун деп токтом чыккан. Бул да ишке аша элек. Ар ким кылган ишине жооп берсин», - деди ал.

Бирок Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаев депутаттардын дооматы негизсиз деп эсептейт. Ал мыйзам бузуу аныкталса жооп берүүгө даяр экенин билдирди.

«Арыздануу боюнча Ош облустук прокуратурасы текшерип жатат. Эгер мен мыйзам бузганым аныкталса жооп берүүгө даярмын. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен маалымат жыйын куруп, журналисттерге толук маалымат берем. Депутаттардын айткандары негизсиз», - деди Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы З.Тургунбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×