Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Катта-Талдык айыл өкмөтүндөгү көк бөрүчүлөр күч сынашты (фото, видео)

Turmush -  Кечээ, 14-февраль күнү Кара-Суу районунун Катта-Талдык айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сөгөт айылында көк бөрү боюнча айылдар арасында биринчилик болуп өттү. Бул тууралуу жергиликтүү жашоочу Бектур Кубан уулу билдирди. Анын айтымында, көк бөрү боюнча биринчиликке 10 айылдан 11 команда катышкан.

«Мындай оюндар быйыл уюштурулду. Буга чейин Лангар, Баш-Булак, Бекжар айылдарында уюштурулган эле. Кезек биздин Кара-Сөгөт айылына жетип, учурда оюн аягына чыкты. Биринчиликке Бекжар, Баш-Булак, Лангар, Топ-Терек, Отуз-Адыр, Беш-Мойнок, Бөрү, Тейке, Талдык айылдарынан бирден команда, биздин айылдан 2 команда ат салышты.

Жыйынтыгында биринчи орунду Кара-Сөгөт айылынын командасы ээлеп, 5 миң сом жана кубокко ээ болушту. 2-орунду Бекжар айылынын командасы алып, алар 4 миң сом акча алышты. 3-орун Отуз-Адыр айылынын командасына буйруп, 3 миң сом акчалай сыйлык алышты. 4-орунга Бөрү айылынын командасы чыгып, 2 миң сомго ээ болушту. Мындан сырткары мыкты оюнчу аталгандарга грамота жана 500 сомдон акчалай сыйлык берилди», - деди ал.

Мындан кийинки көк бөрү мелдеши Тейке айылында өтмөй болду.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1977
Көп окулду
×