Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-декабрь
Ош облусуКара-Суу району 19.02.2018 12:41

Кара-Сууда асынып каза болгон окуучу кыздын өлүмү териштирилип жатат

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунда асынып каза болгон 10-класстын окуучусунун өлүмү боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат. Окуучу кыз ата-энеси үйдө жок убакта асынганы белгилүү болду.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, кыздын ата-энеси денени соттук-медициналык экспертизага берүүдөн баш тартты. Буга карабастан текшерүү иштери улантылууда.

«Апасы кызына үйдү жыйнап коюу керектигин айтып кеткен. Инилери менен калган кыз ата-энеси жок убакта асынып алган. Ал буга чейин айрым классташтарына кулагына ар кандай сөздөр угулуп жатканын айткан экен. Учурда өлүмдүн себебин аныктоо иштери жүрүп жатат», - деп билдирди ШИИБдин басма сөз катчысы Ж. Ашырбаев.

Буга чейин Turmush басылмасына укук коргоо органдарындагы булактар Кара-Суу районунда окуучу кыз асынып каза болгонун билдирген болчу. Болжолдуу маалыматтар боюнча, 2002-жылы туулган кыздын (Ж. кызы Н.) денеси 17-февраль күнү саат 11:00 чамасында Жоош айыл аймагындагы үйдө табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×