Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Кара-Сууда ат майдан ачылып, көк бөрү боюнча айыл биринчилигин аныкташты (фото)

Turmush -  Кечээ, 18-февраль күнү Кара-Суудагы Мады айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тал айылында көк бөрү боюнча айылдар арасында биринчилик өткөрүлдү. Бул тууралуу Мады айыл өкмөтүнүн башчысы Жамшит Матанбаев билдирди.

Анын айтымында, мурун ат майдан болуп пайдаланылган 9 гектар жер кийин үлүш катары бөлүнүп берилген. Кайрадан элдин суроо-талабы менен ал аянт ат майдан болуп уюштурулду. Анын урматына Мады айыл өкмөтү, Мады айылдык кеңешинин депутаттары тарабынан айылдар аралык көк бөрү боюнча мелдеш уюштурулган.

«Көк бөрү боюнча мелдешке 11 айылдан топтолгон 11 команда катышты. Жыйынтыгында 1-орунду Октябрь айылынын улакчылары алып, 10 миң сом акча менен сыйланды. 2-орунду Тейке айылынын командасы жеңип, 5 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болушту. 3-орунду ээлеген Жоош айылынын командасы 3 миң сом акчалай сыйлык алды. Ал эми 4-орунга Кыргыз-Чек айылынын командасы татыктуу болуп, 2 миң сом менен сыйланды.

Мындан сырткары катышуучу командаларга 1000 сомдон акчалай сыйлыктар берилди. Ал эми оюнга калыстык кылган 6 судьяга 500 сомдон акчалай сыйлык тапшырдык», - деди Ж.Матанбаев.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 750
Көп окулду
×