Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Кара-Суудагы окуучулар 6 улуттун тилин даңазалашты (фото)

Turmush -  Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүндөгү №124 орто мектебинде 6 улуттун тилин, маданиятын жана каада-салтын даңазалаган тил майрамы өткөрүлдү. Майрам Бүткүл дүйнөлүк тил күнүнө карата уюштурулган.

Мектептин директору Нурмамат Назаровдун айтымында, мектепте жалпы 500дөн ашык окуучу билим алат. Алардын арасында кыргыз, өзбек, түрк, уйгур улутундагы окуучулар бар.

Тил майрамына Шарк айылдык кеңешинин депутаты Махамаджон Вахидов, кварталдык комитеттин төрагасы Эргешбай Жураев, ата-энелер катышты.

«Улуттар арасындагы ынтымакты бекемдеп, окуучулардын көп тил билүүсүнө, башка улуттардын каада-салттарын үйрөнүүгө, патриоттуулукка тарбиялоо максатында тил майрамын уюштурдук. Окуучулар кыргыз, орус, өзбек, татар, уйгур, түрк элдеринин бийлерин, ырларын, каада-салттарын көрсөтүп беришти. Жыйынтыгында активдүү катышкан окуучуларга ардак грамоталар тапшырылып, мыкты номурлар тандалып алынды. Алар райондук деңгээлде өткөрүлгөн тил майрамына катышып келишет», - деди Н.Назаров.

Ушундай эле иш-чара бүгүн, 21-февралда Кара-Суу шаарындагы №134 мектепте да өтүүдө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 978
Көп окулду
×