Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Ош

Кара-Суудагы массалык уулануу: Ооруканада экинчи наристе каза болду

Turmush -  Кара-Суу районунда тамакка уулангандан кийин ооруканага түшкөндөрдүн арасынан 2 жаш 2 айлык наристе каза болду. Ал кечээ, 21-февралда кечинде көз жумган. Бул маалыматты балдар ооруканасынан тастыкташты.

Аны менен бирге ооруканага түшкөн 2,5 жаштагы наристе 17-февралда каза болгону маалымдалган эле. Башка жабырлануучулар учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

-------------------------------------------

Кара-Суу райондук аймактык ооруканасынын маалыматы боюнча, 12-февраль күнү ооруканага 7 адам жеткирилип, андан кийин 10 адам кайрылган болчу. Тамак-ашка уулангандар ошол күнү бирге тамактанышкан.

«Уулангандар абысындар болгон. Ошол күнү алар чогулуп, чогуу тамактанып, өрүк шербетин ичишкен. Кийинчерээк баарынын абалы оорлоп, ооруканага кайрылышты. Тиешелүү текшерүүдөн кийин тамактан уулануу (ботулизм) болгон деп тыянак чыгарылды», - деп айтылат оорукананын билдирүүсүндө.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1401
Көп окулду
×